Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:20

Бишкекте тажик маданиятынын күндөрү өтөт

Эртең, 17-январда Бишкекте тажик маданиятынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрынан кабарлашты. Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин 20-жылдыгына арналып аталган театрда концерт болот. Ошондой эле кыргыз, тажик музыка чеберлеринин, фольклордук топтордун гала-концерти Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда да өтөт.

Эки өлкөнүн кызматташтыгынын 20 жылдыгына арналган иш-чаралар бул күндөрү тажик борбору Дүйшөмбү шаарында да өтүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда дипломатиялык мамиле 1993-жылдын 14-январында башталган болчу. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG