Жалпысынан 12 автоунаа үчүн өзбек тарап 56 миң доллар беришти. Акча негизинен накталай берилди, автоунаалар үчүн компенсация берүү кечээ чек арада Өзбекстандын Сох жана Кыргызстандын Баткен райоунунун акимдеринин, аксакалдарынын, тартип коргоо кызматкерлеринин катышуусунда жүрдү. Аягында акча берилгени тууралуу акт түзүлүп, эки тараптан кол коюлду деп билдирди «Азаттыкка» Баткендеги өкмөт өкүлүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишев.
Маалымат катчысынын бекемдешинче эми Өзбекстан Сох жаңжалында электр зымдарына келтирилген зыянды жана зым карагайлар кулаганда жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү үчүн жумшалуучу чыгымдарды төлөп берет. Бул чыгымдын суммасы жалпысынан 373,8 миң сом деп эсептелген.
Сох жаңжалынан кийин чек аралар жабылганына байланыштуу Кыргызстандын Чарбак жана Бөжөй айылдары тышкы дүйнө менен байланышсыз калган. Бул айылдар облустук бийлик тарабынан азык-түлүк, ичүүчү суу, электр энергиясы менен камсыздалган. Андан тышкары чарбактыктар менен бөжөйлүктөргө тамак-аш жана акчалай түрүндө гуманитардык жардамдар ар тараптан келип жатат дейт Мамажан Бердишев.(ZKo)