Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Орусия: Сот Мария Алехинанын арызын кароодо


Pussy Riot тобунун мүчөсү Мария Алехинанын беш жаштагы баласы кароосуз калганына негизделген абактан бошотуу өтүнүчү Березники шаардык сотунда карала баштады. Бул топтун үч мүчөсү былтыр февралда Москвадагы чиркөөлөрдүн биринде болуп жаткан диний зыяпатка тоскоолдук кылып, президент Путиндин бийлигине каршы ырдашканы үчүн соттолгон. Сот аларды “диний жек көрүүчүлүктү козуткан бейбаштык жасады” деп айыптаган.

Мария Алехина жана Надежда Толоконникова эки жылга кесилген. Екатерина Самуцевич шарттуу соттолгон. Сот өкүмүнү Кошмо Штаттар, Евробиримдик, адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар сындашкан.

XS
SM
MD
LG