Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Сирияда бомба чабуулунан дагы 22 киши набыт болду


Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында үч жерде автомобилге коюлган бомба жарылып, бери дегенде 22 киши набыт болгону кабарланды. Атын атабоону сураган өкмөттүк чиновниктин айтышынча, кан жолдо жана төрт жолдун тоомунда болгон жардырууларда кеминде 35 киши жараат алган.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун билдиришинче, бомба чабуулунун бутасы коопсуздук кызматтарынын жергиликтүү кеңселери болгон. Кечээ Алеппо шаарындагы университетте катуу жардыруу болуп, 87 адам ажал тапкан.

Сирия өкмөтү жана көтөрүлүшчүлөр бул апаат үчүн бири-бирин күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG