Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Обама куралдуу зомбулукту ооздуктоону сунуштады


АКШ президенти Барак Обама шаршембиде америкалык жарандардын курал алып жүрүүсүн чектөөчү мыйзамдарды Конгресске сунуштады. Ал кечээ Вашингтондо сүйлөп жатып, аскердик мүнөздөгү куралдарды сатууга тыюу салуу, курал сатып алуучу кишини толук текшерүүдөн өткөрүү, мыйзамсыз курал сатууну тыюу сыяктуу жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууну Конгресстен сурады.

Барак Обама мындан тышкары курал-жарак зомбулугун токтотуу үчүн конгрессмендердин макулдугун талап кылбоочу 23 чарага кол коймокчу, анда мектептердин полиция кароолчу менен жабдылышына мүмкүнчүлүк түзүү, курал-жарак зомбулугун кеңири иликтөө жана башка кадамдар бар.

АКШ президенти ошондой эле курал-жарак, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки боюнча мыйзамдардын иштөөсүн көзөмөлдөөчү агенттикке Тодд Жонсту жетекчи кылып дайындады. Буга чейин Жонс аталган агенттиктин жетекчисинин милдетин аткарып келген.

Президент Обама курал-жарак эркиндигин чектөө маселесин өткөн айда Коннектикут штатындагы мектепте жыйырма баланын жана алты жарандын өлүмүнө алыпп келген куралдуу зомбулуктан кийин көтөрдү.

XS
SM
MD
LG