Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Косово менен Сербиянын өкмөт башчылары жолугушат


Жолугушуу бейшембиде Брюсселде болот. Анда Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи менен Сербиянын премьер-министри Ивица Дашич түндүк Косово тууралуу талаштуу маселени талкуулашы күтүлүүдө. Сербия Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тартып келет.

Косово өзүнүн эгемендигин 2008-жылы жарыялаган. Аны эркин мамлекет катары дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсү, анын ичинде АКШ, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр тааныган.

Айрым саясатчылар эгер Косово сербдер башкарган түндүк Косового автономия берилсе, анда Сербия Косовонун эркин мамлекет катары Улуттар уюмуна мүчө болуусуна көмөктөшөрүн билдиришкен, бирок Косово өкмөтү андай болушу мүмкүн эместигин айткан.

XS
SM
MD
LG