Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

АКШ авиациясы “Boeing787 Dreamliner” учак каттамдарын убактылуу токтотту


Бул чечимди жарандык авиация Боинг 787 учагынын батареясындагы техникалык маселеге байланыштуу кабыл алган. Кечээ Жапониянын эки аба компаниясы да All Nippon Airways компаниясынын карамагындагы Боинг 787 учагы авариялык абалда конгондон кийин ушундай чечимге келген эле.
Акыркы жумаларда Боинг 787 учагындагы техникалык мүчүлүштүктөр каттала баштаган. Талдоочулар АКШ жарандык авиациясынын чечимин башка өлкөлөрдүн аба компаниялары колдоого алат деп эсептешүүдө. Дүйнө боюнча "Дриимлайнерстин" мындай маркадагы 50 учагы колдонулат, алардын дээрлик жарымы жапон аба компанияларында.

XS
SM
MD
LG