Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Ташбаевге карата дагы бир кылмыш иш козголду


УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кечээ Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаевге карата дагы бир кылмыш иш ачты. Бул тууралуу бүгүн аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Ташбаев агенттиктин башчысы болуп турганда, былтыр 15-июнда "Кутиссай Майнинг" компаниясы менен кол койгон келишим кыргыз мыйзамдарына каршы келээри айтылууда.

Учкунбек Ташбаев былтыр 3-декабрда Кылмыш кодексининин 305-беренесине ылайык “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана 307-берене боюнча “лизениялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланган” деген айыптар боюнча 30-январга чейин тергөө абагына камалган болчу. Учурда тергөө иштери уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG