Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Алгачкы кыргыз тарых китебине 100 жыл


Кыргыз улуттук китепканада Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых Кыргызыйа” китебине 100 жыл” аттуу иш-чара өттү. Осмоналы Сыдык уулу кыргыз тарыхын изилдегендердин көч башында турат.

Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых-и Кыргызыйа” же “Кыргыздардын кыскача тарыхы” китеби 1913-жылы Уфа шаарында жарык көргөн. Бул китепти жазуу үчүн тарыхчы Кыргызстандын бардык аймагын кыдырып, санжыра чогулткан. Иш-чарада китептин өзгөчөлүгү жана аны кайра басып чыгаруу жөнүндө да сөздөр айтылды.

Осмоналы мен-өзүм,
Жана калды кеп-сөзүм,
Жатып шаар Уфада,
Мусаапырлык бул кезим...


Бул Осмоналы Сыдык уулуна таандык саптар. Кыргыз санжырасын түндүк-түштүктү түрө кыдырып жазып, аны китеп кылуу чыгаруу үчүн Татарстан борбору Уфада жүргөн кезде жазган экен. “Мухтасар тарых-и кыргызыйа” араб тамгасында жазылган кыргыз тилиндеги биринчи эмгек. Китепти жазууда автор көп машакат тартканын тарыхчы Кыяз Молдокасымов белгиледи:

- Осмоналы Сыдык уулу бул өз тарыхын көбүнчө санжырачыларга таянып, он беш жыл дегенде жазып бүткөн. Бул убакта ал Кыргызстандын бардык аймагын кыдырып, Кытайдагы кыргыздарга чейин барган. Союз мезгилинде “Кыргыздардын кыскача тарыхы” окурманга жеткен жок. 90-жылдардын башында гана 10 миң нуска менен китеп болуп чыккан. Бүгүнкү күндө Осмоналы Сыдык уулунун эмгеги китепканаларда да, китеп дүкөндөрүндө да сейрек. Ошол себептүү, аны кайрадан бүгүнкү күндүн талабы менен басып чыгаруу зарыл.

Ал эми “Манас ордо” комплексинин жетекчиси Анарбек Усупбаев “Кыргыздардын кыскача тарыхы” китебиндеги тарых менен азыркы кыргыз тарыхынын коошпогон жактары арбын дейт:

- Осмоналы атабыз кыргызды Нук пайгамбардан тараган деп жазган. Менимче, буга медереседен алган билими түрткү болсо керек. Анткени Нук пайгамбардын болгон же болбогону тарыхта тастыкталган эмес. Диний китептерде гана жазылган. Андагы бардык маалыматтарды так деп айтууга болбойт да. Бирок Осмоналы Сыдык уулунун ошол заманда китеп жазганы эрдик. Бүгүн аны окуп туура жагын да, туура эмес жагын да айтышыбыз керек.

Осмоналы Сыдык уулу мурунку байбичесинен 4 кыз, кийинки жубайынан эки эркек, бир кыз көргөн. Учурда Бүбүш аттуу кызынан башкасы жарык дүйнөдө жок. Китепканада өткөн иш-чарага ал келбеди. Бүбүш Исакова менен телефон аркылуу байланышка чыкканда, “Кыргыздардын кыскача тарыхы” эмнеден улам жазылганын минтип айтып берди:

- Атам Бухарадан билим алган да. Ошол жакта чогуу окуган теңтуштары “силердин атаңар кырк кыздан, Көбүк хандан туулган” деп шылдың кылышчу экен. Атам бул сөзгө чычалап, мушташканга чейин барыптыр. Намысы ойгонуп, кийин тарыхты жазууга бел байлайт. Окууну бүткөн соң Арабия, Түркстан, Казакстан, Кытайды кыдырып, Огузхандын бир небереси кыргыз болгон деген маалымат табат. Ошондон кийин колдо бар маалыматтарын чогултуп, “Кыргыздардын кыскача тарыхы” китебин жазган.

Осмоналы Сыдык уулу жазган “Мухтасар тарых-и кыргызыйа”, “Тарых-и кыргыз шадманыйа” китебин 1990-жылы Кусейин Карасаев кыргыз арибине которуп, “Тарих кыргыз Шадмания”, “Кыргыз санжырасы” деген аталышта кайра басып чыгарган.

“Тарых-и кыргыз шадманыйа” Осмоналы Сыдык уулунун экинчи китеби. Аны айрым тарыхчылар Шабдан баатырга арнап жазган деп жүрүшөт. Бүбүш Исакова буга макул эмес:

- Кээ бир тилчилер Шабдан тарыхы деп жүрүшөт. Шабдан-эмес, "шадманыйа", кыргызда шатыра-шатман деген сөз бар го. Ошондон алынган. Азыр Кытай менен байланышып жатам. Атамдын китептерин ошол жактан кайра бастырып чыгаруу ниетим бар. Кытайга качып барганда Уфадан чыккан эки китебин ал жактагы аксакалдарга белекке берген экен. Алар сактап жүрүп, 1989-жылы Кытайдан басылып чыккан.

Осмоналы Сыдык уулу 1875-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Кызыл-Дөбө айылында туулган. Жаштайынан билимге умтулуп, 1899-жылы Үч-Турпандагы медреседен билимин улантат. Ал совет бийлиги орногон кезде да агартуучулук милдетти аткарган. 1930-жылы сталиндик режим тушунда “эл душманы” деп айыпталып, камакка алынган. Тарыхчы түрмөдөн чыккандан кийин да куугунтук токтогон эмес. Ошондон улам ал Кытайга ооп, Текестин Көк-Терек айылында мугалим болуп иштеген. Ал жактан кайра кайтып келген эмес, 67 жашында безгек оорусуна чалдыгып, көз жумган.

"Кыргыздардын кыскача тарыхына" 100 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00
XS
SM
MD
LG