Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Ысык-Көлдө беш күндө 11 өрт кырсыгы катталды


Соңку беш күндө Ысык-Көл облусунун аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук өрт коопсуздугу башкармалыгынын ага инспектору
Бекжан Жексембиев билдирди. Көбүнчө турак үйлөрдүн чатыры күйүп кеткен.

Каракол шаарында 4, Ысык-Көл районунда 2, Балыкчы шаарында 2, Жети-Өгүз районунуда 1, Ак-Суу жана Тоң райондорунда бирден өрт кырсыгы катталган. Негизги себеп катары электр жабдууларын пайдалануудагы жана меш жагуудагы этиятсыздык аталууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG