Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:02

Окурман Ош мэринен июн калабасы үчүн жоопкерчилик тууралуу сурады


Ушу тапта "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде azattyk.kg сайтынын окурмандары менен жүрүп жаткан интернет-эрөөлдө Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго 2010-жылдын июн окуясы үчүн жоопкеорчилик тууралуу суроо узатылды.

"Сиз Ош шаарынын мэри болуп турганда 500гө жакын кишинин каны төгүлүп, кыргыз-өзбек кыргыны болгон үчүн өзүңүздү кайсы бир деңгээлде жооптуу адам деп эсептейсизби же таптакыр күнөөңүз жокпу?" деген суроого ал:

Сиздин сурооңузга «Мен издеген чындык» аттуу китебимде жооп бергем. Ошол китеп менен таанышып чыксаңыз Оштогу калабанын чыгыш себеби, андагы жетекчилердин моралдык жоопкерчилиги жана улуттар аралык араздашууга от койгон бузукулар тууралуу документалдуу негизде маалымат аласыз. Кааласаңыз биз менен байланышыңыз, китепти Сизге белекке бергенге даярмын! - деп жооп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG