Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Сомалиде исламчыл козголоңчулар барымтадагы французду өлтүрүшкөнүн айтышты


Франциянын жашыруун агенти Денис Аллекс өз өлкөсүнүн президентин аны барымтадан чыгаруу үчүн сүйлөшүүгө үндөгөн тасма, 4-октябрь, 2012
Франциянын жашыруун агенти Денис Аллекс өз өлкөсүнүн президентин аны барымтадан чыгаруу үчүн сүйлөшүүгө үндөгөн тасма, 4-октябрь, 2012
“Ал-Шахааб” деп аталган сомалилик исламисттердин козголоңчу тобу өздөрүнүн “Твиттердеги” эккаунтунда 2009-жылдан бери барымтада кармалып турган Денис Аллекс деген француз жаранынын көзүн кечээ тазалашканын жазды. Франциянын бийликтери өлкөнүн чалгын кызматынын агенти Аллекс кечээ эмес, 12-январда француз аскерлери аны куткарууга аракет кылганда өлтүрүлгөнүн айтышууда.
Расмий билдирүүдө айтылгандай, ошол ийгиликсиз операцияда эки француз аскери набыт болгон. Былтыр “Ал-Шахаабдын” жетекчилиги “ал-Каида” террор тобун колдой турганын билдиргенде бул окуя топтун өзүндө ажырымды пайда кылган.

XS
SM
MD
LG