2014-жылдан кийин Ооганстанда НАТОнун канча аскери калаары азырынча белгисиз. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк билдирди.
"Азаттыктын" "Америка тарап "Манастагы" транзит жүк ташуучу борборго альтернативалуу жерди Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн караштырып жатабы?" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:
Өткөн аптада Барак Обама Хамид Карзай менен жолугуп, 2014-жылдан кийинки маселелерди талкуулады. 2014-жылдан кийин Ооганстанда канча солдат калаары азыр чечиле элек, талкуу уланууда. Бул боюнча келишим кабыл алынгандан кийин гана Ооганстанда же анын сыртында кайсы жерде кайсы объект керек болоору билинет.
Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышкан аба күчтөрүн тейлөө үчүн "Манаста" ачылган Транзиттик жүк ташуу борборунун мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Президент Алмазбек Атамбаев бул мөөнөт бүткөндөн кийин ал объект жарандык максатта гана пайдаланылышы керек экенин байма-бай айтып келет. (AiK/RK)