Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

Сириялык активисттер Хомсто жүздөн ашуун киши өлтүрүлгөнүн кабарлашты


Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктары үчүн Обсерватория уюму шейшембиде өкмөттүк аскерлер Хомстун түндүгүндөгү фермерлер жашаган аймакта адамдарды массалык “кыргынга алганын” билдирди. Ал аймакта козголоңчул күчтөр жашырынышкан.

Уюмдун активисттери ал окуяда өлгөн 106 адамдын көпчүлүгү аялдар менен балдар экенин, арасында тирүүлөй өрттөлгөндөрү, атылып, же бычак менен союлгандары көп экенин айтты. Обсерваториянын башчысы Рами Абделрахман айрым үй-бүлөлөр толугу менен жок кылынганын кошумчалады. Азырынча бул маалыматты көз карандысыз тараптардан эч ким тастыктай элек.

Мамлекеттик маалымат каражаттары болсо Хомсту тазалоо боюнча бул операция “куралчандарга” гана каршы жасалганын кабарлады.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына караганда, бул өлкөдө өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын кагылышуулары 2011-жылы мартта башталгандан бери кеминде 60 миң адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG