Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

ЖК: Чарбактагы абал боюнча токтом долбоору кабыл алынды


Сох жаңжалынан кийин түзүлгөн депутаттык жумушчу топтун чечиминин негизинде кабыл алынган документ 17 пункттан турат. Анда жалпысынан өкмөткө тапшырмалар берилип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин ишин жандандыруу, анклавдарды бойлогон жана чыр-чатактуу чек араларды тосуу маселесин чечүү талап кылынган.

Мындан тышкары аймактагы айланма жолдордун курулушун тездетүү, чек арадагы айылдарга уюлдук байланыш орнотуу тууралуу айтылган. Ошондой эле коңшулар менен чектешкен аймактарга өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзамдын ишке ашуусун жандандыруу, чек ара чечилмейинче коңшулаш өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын жерлерин басып алып, сатып алып отурукташуусуна мүмкүнчүлүк бербөө жагы каралган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Эгемберди Эрматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, токтомго дагы толуктоолор киргизилет, анын акыркы толук долбоорун талкуулап, кабыл алуу үчүн парламент ишемби күнү кезексиз отурумга чогулмакчы.

Сох жаңжалынан кийин Жогорку Кеңештин бир нече депутаттарынан турган жумушчу топ Чарбакка барып, кырдаал менен таанышып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG