Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

20 жыл ичинде АКШ Кыргызстанга 1,3 млрд. долларлык жардам берди


Бул “Манас” транзиттик борбору аркылуу берилген каражаттардан сырткары берилген жардам болуп эсептелет. Мындай маалыматты АКШ мамкатчысынын Борбор Азия жана Түштүк Чыгыш боюнча жардамчысы Роберт Блейк кечээ журналисттерге билдирди. Анын маалыматы боюнча, өткөн жылы эле Кыргызстан АКШдан 40 млн. доллар алган:

- Бул “Манас” транзиттик борбору тарабынан 2012-жылы Кыргызстандын экономикасына салым болгон 200 млн. долларды эске албаганда.

АКШ мамкатчысынын орун басары менен 16-январдагы жолугушуусунда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев антитеррордук күчтөрдүн "Манас" транзиттик борборунун мөөнөтү 2014-жылы аяктаарын эскерткен. Ошондой эле ал "макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң "Манас" аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калбоого тийиш" деп белгилеген.

Роберт Блейктин Кыргызстанга иш сапары кечээ аяктады, ал иш сапары учурунда өлкө жетекчилиги жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугуп, кыргыз-америка кызматташтыгына арналган кеңешмеге катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG