Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Алжирде барымтадагыларды бошотуу операциясы улантылууда


Британиянын Тышкы иштер министрлиги Алжирдеги газ иштетүүчү заводдо исламчыл козголоңчулардын барымтасында калгандарды бошотуу боюнча аскердик операция улантылып жаткандыгын кабарлады

Министрликтин өкүлү бүгүн айткандай, “операция улантылып жатканын алжир бийликтери ырасташты”. Окуяда канча адам өлгөнүн же жарадар болгонун өкүл билдирген жок. Айрым маалымат каражаттары атышууларда барымтадагылардан 34 адам жана барымтачылардан 14 киши окко учканын кабарлап жатышат. Бул кабарлар азырынча тастыктала элек.

Бир аз мурдараак Алжирдеги жергиликтүү маалымат каражаттары барымтада кармалган бир нече киши качып чыкканын айтышкан эле. Алжирдин өкмөттүк аскерлери Ливия менен чектеш райондогу чөлдө жайгашкан ал заводду курчоого алышкан. Франциянын аскерлери Малини бошотушун талап кылган исламчыл козголоңчулар шаршембиде ал заводду басып алып, ондогон кызматкерлерин, арасында чет өлкөлүктөр да бар, барымтага алышкан.

XS
SM
MD
LG