Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

“Түндүк электр” ишканасы өткөн жылы 2114 абонентин сотко берген


Доо арыздардын баары электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөн Чүй, Талас облустарындагы жана Бишкектеги абоненттерге карата берилген. Соттун чечими менен электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонгон абоненттерден 31,6 млн. сом, ал эми катардагы кардарларынан 4,2 млн. сом компаниянын капчыгына кайтарылган. Ошентсе да жаңы жылга карата “Түндүк электр” ишканасына кардарларынын карызы 347 млн. 375 сомду түздү.

2012-жылы “Түндүкэлектро” ишканасы тарабынан карызын төлөбөгөнү үчүн 243 миң кардардын жарыгы өчүрүлгөн деп айтылат ишкананын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бирок маалыматта убагында акы төлөнгөнүнө карабай, электр энергиясы өчкөнү үчүн “Түндүк электр” ишканасын канча керектөөчү сотко бергени тууралуу жазылган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG