Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

АКШнын Ооганстандагы элчиси: "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөр токтоп турат


Кабулда журналисттерге айткан сөзүндө элчи Жеймс Каннингем “сүйлөшүүлөр али башталбаганын” билдирди. Ал Вашингтон "Талибан" кыймылы менен олуттуу сүйлөшүүнү жактаарын, бирок бул жараян өнүкпөй жатканын айтты.

Өткөн жылы АКШ "Талибан" кыймылы менен ачык сүйлөшүү кадамдарын жасаган, бирок Вашингтон Гуантанамо түрмөсүндө камалып турган беш мүчөсүн бошотуп берүүсүн талап кылган талиптер сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратышкан.

Ооганстандагы элчинин маалыматы жакында Кабул "Талибандын" жүздөгөн согушкерлерин койо берген жана Пакистанда кармалып турган 25 талипти эркиндикке чыгарууга көмөктөшкөндөн кийин айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG