Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Бозгунда жүргөн орус оппозиционери өз жанын кыйды


Орусия маалымат каражаттары Нидерландыдан башпаанек сурап, ошол жакта жашап жүргөн оппозиционер Александр Долматов өз жанын өзү кыйганын жазып чыгышты. Интерфакс орус элчилиги Долматов өз жанын кыйганын тастыктаганын, бирок окуя качан, каерде болгонун тактабаганын билдирди. Голландия полициясы азырынча орус оппозициячысынын өлүмү боюнча эч нерсе айта элек.

“Башка Орусия” оппозициялык партиясынын мүчөсү Александр Долматов Орусияда ракета жасоочу жашыруун ишкананын алдыңкы конструктору болуп иштечү. Ал оппозициянын катарында өткөн жылы май айында Москвада болгон ири нааразылык акциясына катышканы үчүн бийлик тарабынан кармалып, кийин кайра койо берилген.

Долматов Орусиядан полиция анын үйүн тинтүүгө алгандан кийин, өткөн жылы июнда чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG