Борбор Азиянын Евразия фонду аймактагы үч өлкөнүн - Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын жаштарын эл аралык журналистикага үйрөтүүдө. Аталган фонддун маалымат катчысы Виталий Катаргиндин "Азаттыкка" айтымында, 470 студент жана жогорку класстын окуучусу Ош, Дүйшөмбү жана Алматы шаарларында ачылган медиа-мектептерде журналистиканын батыш стандарттарын окуду.
2010-жылдын октябр айында башталып былтыр декабрда жыйынтыкталган долбоор алкагында 3-5 айлык курстар уюштурулду. Алардын катышуучулары окуяны жалпыга маалымдоо каражаты аркылуу чагылдырууда калыстык, тең салмактуулук принциптеринен тайбай иштөөгө үйрөндү.(RK)