Кыргызстанда Чек ара кызматынын жетекчилиги алмашты. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бул кызматтын башчылыгына Токон Мамытов дайындалды. Закир Тиленов бул ээлеген кызматынан бошотулду.
5-7-январда кыргыз-өзбек чек арасында чатак чыгып, отуздай кыргызстандык жабыркаган. Эки күндөн бери чек-ара коопсуздугун Жогорку Кеңеш жабык талкуулады. (RK)
5-7-январда кыргыз-өзбек чек арасында чатак чыгып, отуздай кыргызстандык жабыркаган. Эки күндөн бери чек-ара коопсуздугун Жогорку Кеңеш жабык талкуулады. (RK)