Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Ананьево реабилитациялык борборунда үч сүлөөсүн багылууда


Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы НАБУ реабилитациялык борборунун филиалына Кызыл китепке кирген, мышык тукумундагы түркмөн породасындагы үч сүлөөсүн алынып келинди. Бул тууралуу аталган филиалдын жетекчиси Виктор Кулагин билдирди.

Анын айтымында, аларды Ноокат районунун тургуну кармап, үйүндө багып жүргөн экен.

«Бирөө 2012-жылдын жазында эле кармалып, ал үй жаныбарындай болуп көнүп калган. Ал эми экөөнүн кармалганына 2 айдай болуптур. Бул сүлөөсүндөрдү жапайы табигый шартта жашоого көндүрүү үчүн реабилитациялык борборго берилген. Алар чоңоюп, табигый шартта көнгөндөн кийин эркиндикке чыгарылат. Азырынча кайсы
мезгилде, кайсы облустун токойлоруна кое берилээри белгисиз», - дейт Виктор Кулагин. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG