Жалал-Абадда жаңы шайланган шаардык кеңештин сессиясы бүгүн болбой калды. Бүгүнкү жыйында депутаттар быйылкы жылга карата иш-план бекитмек. Сессиянын болбой калышына "Ата-Журт жана КСДП партияларынан шайланган 15 депутат гана чогулуп, "Өнүгүү" партиясынан шайланган депутаттардын келбей калганы себеп болду. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, алар шаар кеңештин алгачкы сессиясы мыйзамсыз болду деп адегенде шаардык, кийин облустук сотко кайрылган. Митинг да өткөргөн.
Жалал-Абад шаар кеңеши 31 депутаттык орундан турат .Былтыр 25-ноябрда өткөн шайлоодо "Өнүгүү" партиясынан 15, "Ата-Журт" партиясынан 8 жана КСДПдан 8 депутат шайланган болчу.(YA/RK)
Жалал-Абад шаар кеңеши 31 депутаттык орундан турат .Былтыр 25-ноябрда өткөн шайлоодо "Өнүгүү" партиясынан 15, "Ата-Журт" партиясынан 8 жана КСДПдан 8 депутат шайланган болчу.(YA/RK)