Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:10

Лэнс Армстронг кызытма колдонгонун мойнуна алды


"Тур де Франс" турниринин 7 жолку жеңүүчүсү америкалык велосипедчи Лэнс Армстронг бул тууралуу америкалык алып баруучу Опра Уинфринин телеберүүсүндө жалпыга ачыктады. Эми таанымал спортчу өмүрүн өзүнө коомдун ишенимин кайтарууга арнайт. Армстронгдун айтуусунда, акыркы жолу кызытманы 2005-жылы колдонгон.

Өткөн жылдын октябрь айында америкалык допингге каршы агенттик аны «кара тизмеге» алган. Велоспортчулардын эл аралык союзу Лэнс Армстронгдун бардык жетишкендиктерин жокко чыгарып, 2000-жылкы олимпиадада жеңген коло медалынан дагы айрыды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG