Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Кыргыз-өзбек чек арасындагы бекеттерге чектөө киргизилди


Кыргыз-Өзбек чек арасындагы “Достук”, “Маданият”, “Кенсай” өткөрмө бекетинде өзбек тарап жарандарды жана унааларды 17-январдан тарта бир тараптуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара аскерлиги кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызстандын жарандары Өзбекстандан чыга алат, өзбек жарандары Өзбекстанга кирип кете алат. Кыргыз жарандары Өзбекстан аркылуу учуп кетиш керек болсо, билети бар жүргүнчүлөр гана коңшу өлкөгө киргизилип жатат. Бул чектөөлөр эки өлкөнүн тургундарына гана тиешелүү, үчүнчү өлкө жарандары эркин кирип чыгууда.

Ал эми кыргыз-өзбек чек арасындагы Кызыл-Кыя өткөрмө бекети 18-январдан тарта унаалар жана жарандар үчүн толук жабылды. (AKu)

XS
SM
MD
LG