Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Ошто көчө спектакли коюлуп жатат


Ош шаарында “Улыбка” коомдук бирикмеси жана шаардык милициянын өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясы адам сатууга каршы көчө спектаклин уюштурду. Бүгүн шаардын борбордук көчөлөрүндө коомдук уюмдун ыктыярчылары адам сатуу тууралуу спектаклде ойноп жатат. Элге маалыматтык баракчалар таратылууда.

Иш-чара эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган. Көчө спектакли эл көп жерлерге көчүп жүрөт. Шаардыктар ага бүгүн кечке чейин күбө боло алышат. (SE/AKu)

XS
SM
MD
LG