Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:34

Телефондон жалган маалымат таратты деп шектелген жаран кармалды


Жалган маалымат тараткан "телефон террорчусу" деп шектелген адам кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

18-январда УКМК менен ИИМ жүргүзгөн ыкчам издөө иштери учурунда Кыргызстандын 1963-жылы туулган жараны кармалган. Ысык-Көл облусунун, Түп районунун тургуну “Манас” аба майданына чалып, ал жерге жарылуучу зат коюлганын билдирген. УКМКнын кызматкерлери аба майданынын имаратынан эч нерсе таба алышкан эмес.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Бишкектеги медициналык борборлордун биринде гинеколог болуп иштейт. Аэропортко чалган учурда мас абалында экени айтылууда. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси боюнча иш козголду, учурда ал убактылуу кармоочу жайда. (AKu)

XS
SM
MD
LG