Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Жогорку Кеңеш Чарбак окуясына байланыштуу токтомду жабык кароодо


Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалды Жогорку Кеңеш бүгүн дагы жабык талкуулады. Бул маселе парламентте 16-январдан бери каралууда. 17-январда парламентарийлер төрт комитет токтом долбоорун иштеп чыксын деген чечимге келишкен.

Коргоо жана коопсуздук, Эл аралык иштер, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча, Бюджет жана финансы боюнча комитеттери кечээ бирге жыйын өткөрүп, токтом долбоорун иштеп чыгышкан. Бүгүн ал жалпы талкууга коюлду. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

5-6-январда Баткен облусунун Баткен районундагы Өзбекстан менен чектешкен Чарбак айылынын тургундары менен Сох анклавынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Кыргыз тарапка келтирилген материалдык зыяндарды өзбек тарабы төлөп берүүдө. Бул окуя орун алгандан кийин мамлекеттик деңгээлде ар мекемелерде талкууланып жатат. Окуяны иликтөө үчүн депутаттык жумушчу тобу да түзүлгөн. (AKu)

XS
SM
MD
LG