Өлкөнүн башкы прокурору Виктор Пшонканын кечээги билдирүүсүнө караганда, Юлия Тимошенкого ал ишкер жана депутат Евгений Щербанды өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жатканы маалымдалды.
Башкы прокурор ырастагандай, тергөөчүлөр Юлия Тимошенко жана мурдагы премьер-министр Павло Лазаренко 1996-жылы Шербанды өлтүрүүгө буйрук берип, аны каржылаганы боюнча жетиштүү далилдерди тапты. Тимошенко да, Лазеренко да бул айыпты четке кагууда.
Тимошенконун адвокаты Сергей Власенко Башкы прокуратуранын билдирүүсүн “абсурд” деп атады. Мурдагы премьер-министр учурда кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен жети жылдык түрмө жазасын өтөп жатат.
Салыктан качкан, акча уурдаган деген жүйө менен анын үстүнөн козголгон экинчи кылмыш иш боюнча сот жараян Тимошенконун саламаттыгына байланыштуу 12-февралга чейин токтотулду.
Бул сот иштерин саясий куугунтук катары баалаган Тимошенкону сот эгер депутатты өлтүрүүгө буйрук берген деп тапса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. (UE)