Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Алжирде барымта кризиси аяктады


Өкмөттүн айтымында, Сахара чөлүндөгү газ өндүрүүчү комплексте төрт күнгө созулган тирешүү учурунда 32 согушкер жок кылынды, барымтага алынгандардан чет өлкөлүк жана жергиликтүү 23 адам каза тапты. Алжирлик 685, чет өлкөлүк 107 жумушчу аман-эсен бошотулду.

Бирок коммуникация министри Мохаммед Саиддин айтымында, кээ бир өлкөлөр жоголгон жарандарын али издеп жаткандыктан, курмандыктар саны өсүшү мүмкүн. Маселен британ премьер-министри Дэвид Камерон алардын үч жаранынын өлүмү ырасталганын, дагы үч жаран ушундай тагдырга кириптер болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

АКШ бир жараны каза тапса, Норвегия, Жапония, Малазия жоголгон жарандарын издөөдө.

Мамлекеттик “Сонатрак” мунай компаниясынын билдиргенине караганда, учурда армия газ комплексин согушкерлер койгон минадан тазалап жатат. Ал жерден мылтыктар, автоматтар, ракеталар жана жанкечтинин куруна байланган гранаталар табылган.

Алжирдин, Британиянын, Норвегиянын компаниялары биргелешип иштеткен газ комплекске согушкерлер шаршемби күнү кол салган болчу. Алар чабуулун Франция коңшу Малиге интервенция жасап, исламчыл топторго каршы күрөшкө аралашканы үчүн өч алуу деп түшүндүрүшкөн.

АКШ кол салгандарды террорчулар деп атаган. Окуяны кечээ президент Обама “ал-Каиданын” коркунучу улантып жатканын эске салгандык деп мүнөздөдү.(UE)

XS
SM
MD
LG