Өлкө Конституциясынын талаптарына ылайык, президент Барак Обама экинчи мөөнөтү үчүн антты Ак үйдө бергени жатат. Ал эми коомчулуктун катышуусунда ант берүү аземине арналган расмий салтанат эртең өтмөкчү. Салатанатка 800 миңдей киши чогулары күтүлүүдө.
Эртең президент Обама АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийдин алдынан инаугурациялык сөзүн сүйлөмөкчү. Обама экинчи бийлик мөөнөтүнө киришүү жөрөлгөсүн “Кызмат көрсөтүүнүн Улуттук күнүнө” катышуу менен баштады. Бул долбоордун максаты - америкалыктарды ыктыярдуу ишке шыктандыруу.
Обама кечээ үй-бүлөсү менен Вашингтодо, башка ыктыярчылардын катарында башталгыч мектептин китеп текчелерин сырдоо ишине аралашты.
Ал эми вице-президент Жо Байден жубайы менен жарадар жоокерлерге жүк даярдоо ишине катышты. (UE)