Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Акыйкатчы: Ташиевге тез жардам көрсөтүлдү


Абактагы депутат Камчыбек Ташиевге медициналык тез жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлоодо. Ал бүгүн Ташиев дарыланып жаткан клиникага барып келди. Дарыгерлердин айтымында, өткөн түнү депутаттын кан басымы кескин көтөрүлүп кетип, 160ка (миллиметр, сымап мамыча) жеткен. Тез жардам чакырылып, ийне сайса да төмөндөбөй койгондуктан, кайра кошумча ийне жасоого туура келген. Ошондон кийин гана депутаттын абалы бир аз жакшырып, кан басымы 140ка түшкөнүн дарыгерлер акыйкатчыга айтты.

"Ата-Журт" партиясынын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан ушул эле мекеменин клиникасына бир жума мурда которулган болчу.

Ташиев жана "Ата-Журт" партиясынан дагы эки депутат - Садыр Жапаров менен Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен тергөө абагында отурат. Тергөө аяктап, сот 10-январда башталды. Кийинки отурум 24-январда болот.

Камактагы депутаттар жана алардын жактоочулары бул кылмыш иш укуктук эмес, саясый мүнөзгө ээ экенин, алардын күнөөсү жоктугун айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG