Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Эрегишчилер Кабылдын жол полициясын басып алды


Көтөрүшчүлөр Ооганстандын жол полициясынын Кабыл шаардык кеңсесинде камалып отурушат. Алар калаанын батыш бөлүгүндөгү полицияканага бүгүн таң азанда кол салышып, курал сакталчу бөлмөнү ээлеп, үстүңкү кабаттарга чыкчу тепкичтерди кыйратып салышканы кабарланууда. “Террорчулардын бир нече тобу имаратка киргенге аракет кылганын” Кабыл полициясынын кылмыш департаментинин башчысы Мухаммед Закирдин билдирди. Полиция кызматкерлеринин “Азаттыкка” айтышынча, чабуул эми башталганда жанкечти жардырган жана автомобилге коюлган бомбадан эки полициячы өлүп, 10 адам жарадар болгон. Имаратта бир нече полициячы да камалып отурганы айтылат. Талибдер чабуулду алар уюштурганын СМС аркылуу кабарлашты.

XS
SM
MD
LG