Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Александрия шаардык сотунун имараты өрттөлдү


Египеттин Александрия шаарында эки күндөн бери антиөкмөттүк толкундоолор болууда. Коопсуздук кызматтарынын билдиришинче, жекшемби күнү жаалданган адамдар шаардык соттун имаратына өрт коюп, айрым документтер күйүп кеткен. Сотто 2011-жылкы элдик козголуш кезде набыт болгон демонстранттардын өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген полициянын даражалуу алты офицеринин иши каралып жаткан.

Полициячылар нааразы элди көздөн жаш агызчу газ атып таркатмак болгондо, жаштар аларды таш бараңга алды. 2011-жылдын 25-январында Египетте башталган антиөкмөттүк толкундоолор кезде 900дөй адам набыт болгон. Анын ичинде Александрияда 300дөй адамдын каны төгүлгөн.

XS
SM
MD
LG