Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Зордукталган кыздын атасы: кылмышкерлердин жашоого акысы жок


Жаңы Делиде топ эркек мыкаачылык менен зордуктагандан кийин өлгөн студент кыздын атасы кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну талап кылды. Кыздын атасы: "Айбан кылбаган ишти жасаган бир да эркектин жашоого укугу жок”, - деди Франсс пресс агенттигине берген интервьюда. Зөөкүрлөрдүн соту дүйшөмбү күнү башталары мурда маалымдалган.

Прокурор 23 жаштагы студент кызды шаардык автобуста баратканда кыйнап зордуктаган беш эркекти өлүм жазасына тартууну сунуш кылат деп боолгонууда. Топтун алтынчы мүчөсү 17 жашта болгондуктан, анын иши жаштар сотунда каралат.

XS
SM
MD
LG