Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Ооганстан Тажикстандын эки тик учагын кайтарууда


Ооганстан былтыр жайда камакка алынган Тажикстандын эки тик учагын кайтарып бермек болду. "Тажик аба жолдору" компаниясынын башкы директору Фируз Хамроевдин билдиришинче, бир тик учак Дүйшөмбүгө келди, экинчиси жакында учуп келет. Анын айтышынча, Ооган тарап Ооганстандагы НАТО аскерлерин азык-түлүк менен камсыздаган Supreme Food компаниясы салык төлөбөдү деп, алар иштетип жаткан Тажикстандын эки тик учагын былтыр жайда камакка алган. Тик учактын беш тажик пилоту Кабылда 45 күн абакта отургандан кийин коё берилген. Хамроевдин билдиришинче, "Тажик аба жолдору" компаниясы Supreme Food менен кызматташканды токтоткондон кийин Ооган бийликтери тик учактарды кайтарып бергенге макулдук берген.

XS
SM
MD
LG