Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Азербайжан оппозициясы айып пулду тыйын менен төлөйт


Азербайжан оппозициясынын активисттери өкмөт салган айып пулду төлөө үчүн 11 600 манат (14 700 доллар) чогултушту. Жаштардын “Оң өзгөрүүлөр” кыймылынын өкүлүнүн “Азаттык” радиосуна айтышынча, эгер сот алардын доо арызын канааттандырбаса, чогултулган айып пул бийликке беш капиктик тыйын түрүндө төлөнөт. 100 капик 1 манатка барабар. Айып пулду чогултуу бир жума мурда башталган.

Оппозиция 12-январда Бакуда демонстрация уюштуруп, аскерде келишим менен кызмат кылган жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу нараазылык билдирген. Акцияга катышкан 20дан ашуун адамдын ар бирине 300 манаттан 600 манатка чейин айып салынган. Чогултулган 14 700 доллардын 14 400 доллары айып пулга төлөнөт.

XS
SM
MD
LG