Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Беларус дарыгерлери Бишкекте бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоодо


Беларустан келген дарыгерлер Бишкекте бүгүн 11 жаштагы Ырыскелди Камчыевдин бөйрөгүн алмаштырды. Баланын апасы Бүмайрам Юсупованын «Азаттыкка» билдиришинче, дарыгерлер операция ийгиликтүү өткөнүн айтышты.

Мурда кабарлангандай, бул баланын эки бөйрөгү тең иштен чыгып бараткан, Беларустан келген врачтар анын бир бөйрөгүн алмаштырышты. Ырыскелдиге атасы донор болуп берди. Балага жасалган операциянын баасы 7,5 миң доллар турат. Баланын апасы зарыл суммадагы каражат чогула электигин айтып, коомчулуктан дагы жардам суроодо.
Ырыскелдиге жардам бергиси келген кайдыгер эмес адамдар үчүн маалымат:

Бишкек, "РСК" банкынын Чүй филиалы
Банктагы эсеби 1290042120020073
Банктагы идентификациялык коду 129004
Төлөм түрү ЛС И-00198
Юсупова Бумайрам Ражабовна, тел: 0 554 17 66 65, 0 555 80 08 54


Беларустан келген врачтар ушул күндөрдө Кыргызстандын дагы төрт жаранына операция жасап, бөйрөк алмаштырууну ишке ашырат. Бул тууралуу эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев «Азаттыкка» кабарлады..(ZKo)

XS
SM
MD
LG