Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Кыргызстан дагы көгүлтүр отсуз калышы ыктымал


Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыровдун өкмөттүк жыйында берген маалыматы боюнча, «Кыргызгаз» ишканасы казактардын «Казтрансгаз” ишканасына 3,3 млн. доллар, ал эми Өзбекстандын «Узтрансгаз» ишканасына 300 миң доллардан ашуун карыз. Бул бересени тез арада төлөбөсө коңшулар көгүлтүр от берүүдөн баш тартуусу ыктымал. Казак тарап алдын ала эскертүү иретинде 17-январдан тарта Кыргызстандын түндүгүнө берилүүчү газдын басымын азайтты дейт министрдин орун басары.

Өткөн жылдын ноябрь айында да Казакстан тарап өлкөнүн түндүгүнө берилүүчү газдын өлчөмүн азайткан болчу, бул расмий түрдө Өзбекстанда газ чыккан жерде басым азайгандыктан “Казтрансгаз” ишканасы Кыргызстанга көгүлтүр отту аз бере баштады деп айтылганы менен айрым адистер муну казак тарап газдын карызы төлөнбөгөнү үчүн болду деп айтып чыгышкан.

Жаңы жыл алдында Орусия «Кыргызгаз» ишканасын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген, кыргыз премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев ишкананы мойнундагы карызы менен алууга даяр болуп жаткан «Газпром» ишканасына «Кыргызгазды» 1 долларга берүүгө өкмөт даяр экенин маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG