Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:04

Кара-Кулжада Ташиевдин жактоочулары митингге чыгат

Бүгүнкү митингде жалгыз талап – депутаттардын үстүнөн 24-январда башталуучу соттук териштирүүнү акыйкат жүргүзүү талабы коюлмакчы. Бул тууралуу «Ата-Журт» партиясынын Кара-Кулжа районундагы координатору Дайырбек Айдарбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда тынч митинг райондук стадиондо болот.

24-январда «Ата Журт» партиясынын камактагы лидери Камчыбек Ташиевдин, фракция лидери Садыр Жапаровдун жана партиянын парламенттеги депутаты Талант Мамытовдун үстүнөн соттук териштирүү уланат. 10-январда айыпталуучулар ишти кароочу сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, процесс 24-январга калтырылган

«Атажуртчу» депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго «Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген айыптар тагылууда.(ZKo)
​
XS
SM
MD
LG