Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

«Электрондук жайыт комитети» системасы ишке кирет


Аталган системаны Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын 16 айылына киргизүүгө Улуттар уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү жардам берүүдө. Ага ылайык, бүгүн «Электрондук жайыт комитети» системасын ишке ашыруучу он алты айылга компьютердик жабдыктар берилет. Маалыматтык система жайыт пайдалануучуларды жана жайыт комитеттеринин мүлктөрүн каттоодо, жайыттын абалына баа берүүдө жана аны пайдаланууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Компьютер жана башка кеңсе жабдыктарынын жалпы суммасы 400 миң сомду түзөт.

2009-жылы кабыл алынган «Жайыттар тууралуу» мыйзамга ылайык жайыттар жайыт пайдалануучулардын комитетине өткөрүлүп берилген. Учурда Кыргызстан боюнча 450 жайыт пайдалануучу комитет бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG