Алжирдин чыгышындагы газ ишканасын басып алган согушчандарга каршы өткөрүлгөн төрт күндүк операция кезде сегиз өлкөдөн 37 адам курман болгон. Алжирдин премьер-министри Абдилмалик Селлал дүйшөмбү күнкү пресс-конференцияда ошондой эле жети чет элдиктин дареги жок экенин айтты.
Селлалдын билдиришинче, Аменастагы газ ишканасына коңшулаш Малиден келген 32 согушчан чабуул жасап, алардын курамында Египет, Нигерия, Мавритания, Тунис, Малинин жарандары жана бир канадалык болгон. 29 согушчан жок кылынып, үчөө колго түшүрүлдү, деди премьер-министр Селлал.