Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Президент Барак Обама эл алдында ант берди


Барак Обама Вашингтондун Капитолий дөңүндө эл алдында экинчи жолу президент катары ант берди. Кечээ күнү Обама АКШ Конституциясына ылайык, Ак үйдө кызматка киришер алдында ант берген эле. Салтанатты көргөнү жүз миңдеген адамдар келди. Президенттин инугурациясына экс-президенттер Жим Картер жана Билл Клинтон, Конгресстин мүчөлөрү ырасмий конок катары катышты. Төрт жыл мурда Барак Обама алгачкы ирет президент ирети ант бергенде, Капитолий дөңсөөсүндөгү салтанатка 1, 8 млн. адам чогулган.

XS
SM
MD
LG