Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Жалал-Абад: Июн окуясы боюнча сот өкүмүнө прокуратура каршы


Жалал-Абад облустук прокуратурасы июн окуясы боюнча айыпталган Сузак айылынын орусиялык жарандыгы бар тургуну Шамшидин Ниязалиевге байланыштуу облустук соттук коллегиянын чыгарган чечимине макул эмес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облус прокурору Кылычбек Токтогулов билдирди.

Токтогуловдун айтымында, Ниязалиевге 16 эпизод боюнча айып тагылып, Сузак райондук соту аны өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Облустук соттук коллегия ишти кайра тергөөгө жиберүү тууралуу мамлекеттик айыптоочунун сунушун четке каккан.

Бул кылмыш ишти караган облустук соттук коллегиянын төрагасы Амангелди Молдобаевдин билдиргенине караганда, Ниязалиев 21-январда сот залынан бошотулду. Себеби сот ага коюлган адам өлтүрүү, өрттөө жана өзбек лидерлери менен бирге жүргөнү тууралуу айыптар далилденген жок деп эсептейт. Массалык башаламандыкка катышкандыгы гана ырасталып, ага мамлекет пайдасына 150 миң сом айыппул салынды.

Облустук сот жыйынына жабырлангандардын бири да катышкан эмес, жабырлануучу күбөлөр да келген жок.

2010-жылдын июн айында Ош менен Жалал-Абадда кыргыз жана өзбек улутундагылар ортосунда кандуу жаңжалда 400дөн ашуун адам мерт болуп, миңдеген адам жараат алган, үй-мүлкүнөн ажыраган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG