Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызматтык ротация башталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчи кызмат ээлегендердин ротациясы башталды. Министр Кубатбек Боронов жаңы дайындалган кызматкерлерди жалпы жамаатка тааныштырып, иш зарылчылыгына, эффективдүүлүктү арттыруу максатында жана коррупцияга каршы күрөшүү планынын негизинде ротация жүрөөрүн билдирди.

Министрдин буйругуна ылайык, Миңболот Бекжанов Бишкек шаары боюнча башкармалыктын башчысы кызматынан бошотулду. Бул милдетти убактылуу ушул эле башкармалыктын башчысынын орун басары Жайлобаев Жаныбек аткарат.

Талайбек Мамытов Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Өрткө каршы кызмат директорунун карамагына жөнөтүлдү.

Аширбек Сагынов Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, облус башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.

Турсунбек Сейдикеримов Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, Таласка жетекчи болуп дайындалды.Жамбулбек Жумагулов Талас облусу боюнча башкармалык башчысы кызматынан бошотулуп Чүйгө жетекчи болуп дайындалды.

Өрткө каршы агенттигинин директорунун карамагында жүргөн Союзбек Акматов аталган агенттиктин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

Министр мындан ары да ротация жүрө турганын айтты. “Мындай чечимге каршы болуп, тааныш-билиштерди ортого салып, убара тартуунун зарылдыгы жок”, - деп кошумчалады министр Кубатбек Боронов.

Бул кабар ӨКМ маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдон алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG