Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Израилде парламенттик шайлоо өтүп жатат


Иерусалимдеги добуш берүүдөн бир көрүнүш. 22-январь, 2013-жыл.
Иерусалимдеги добуш берүүдөн бир көрүнүш. 22-январь, 2013-жыл.
Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы жыйынтыктарына караганда, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун туруму мурдагыдан да чыңдалып, анын “Ликуд” партиясы 120 орундуу Кнессеттеги орундардын көбүн алары күтүлүүдө. Бирок коалиция боюнча өнөктөштөрүнүн туруму өзгөрчүдөй. Ал эми бул шайлоонун жаңылыгы катары ашынган улутчул "Бейт Йехуди" партиясынын ийгилиги айтылып жатат.

Бул партиянын Израиль саясатынын жаңы жылдызы деп мүнөздөлгөн лидери, 40 жаштагы Нафталли Беннетт көбүнесе жаштарды жана мурдагы СССРден барган шайлоочуларды өзүнө тартууда.

"Бейт Йехуди" партиясынын парламенттеги орундарын мурдагыдан көбөйтүшү палестиндер менен мамиленин келечегин татаалдаштыруусу мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG