Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактагы төрт темир жол өткөрүү бекети ушу тапта жабык турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Жалал-Абад жана Шамалды-Сай өткөрмө бекеттерин Өзбекстан кечээ, 21-январда өзү жагынан жаап койду. Кара-Суудагы бекет техникалык себептен улам жабылганы, ал эми калгандар боюнча өзбек тарап маалымат бербегени айтылууда. (RK)