Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Орусияда жарандык активистке чиркөөгө жалаа жапкан деген айып коюлду


Газета.ру кабарлагандай, Орусиянын Керектөөчүлөр укугун коргоо коомунун төрагасы Михаил Аншаков бүгүн полицияга чакыртылып, ага айып коюлганы жана эч жакка кетпөөсү керектиги айтылган.

Кылмыш иши Москвадагы борбордук чиркөө - Ыйса Сактоочу храмынын корунун төрагасы Василий Поддевалин берген арыздын негизинде козголгон. Ал керектөөчүлөр укугун коргоо комитетинин төрагасынын сентябрда гезитте жарыяланган сөздөрүн чиркөөгө жалаа жапкандык деп баалаган.

“Новая газетада” жарыяланган маегинде Аншаков Ыйса Cактоочу храмы 15тей коммерциялык фирмага кеңсе үчүн жай берип, бизнес борборго айланганын айтып чыккан эле. Жалаа жабуу Орусияда былтыр кабыл алынган мыйзам боюнча кылмыш деп саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG