Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

Өкмөт кендердеги мыйзам бузуулар боюнча маселени карайт


Өкмөттө алтын кендерин иштетүүдөгү техникалык мыйзам бузуулар боюнча маселе каралат. Экология жана техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анда Кумтөр алтын кенинен тартып, Жерүй, Апрель, Иштамберди ж.б. алтын кендерин иштетип жаткан ишканалар тарабынан техникалык жана экологиялык мыйзамдардын бузулуп жатышы, Кыргызстандын экономикасына келтирилген чыгашалар тууралуу сөз болот. Андан тышкары аталган инспекциянын айрым чет элдик ишканаларды кен иштетүүгө берилген лицензияларынан ажыратуу сунушу да каралмакчы.

Кечээ парламенттин жылуулук-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитети Кыргызстандагы алтын кендерин иштетип жаткан бир катар чет өлкөлүк компанияларга байланыштуу маселелерди караган. Натыйжада кен иштетүүчүлөр тарабынан лицензиялык келишимдердин так аткарылышы, жаратылышка мамилеси, кендерди сарамжал пайдаланышы, ошондой эле уу калдыктар төгүлгөн жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү Экология жана техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясына тапшырылды.

Парламент мында өзгөчө Full Gold Mining Company, "Кумтөр Голд Компани", "Алтынкен" жана "Андаш Майнинг компани" ишканаларына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. (ZKo)

XS
SM
MD
LG